Грек-рим күрөшүнөн 2 күмүш, 2 коло байге! Азия чемпионатынын биринчи күнү аяктады

Маанилүү мелдеште биринчи байгени Жоламан Шаршенбеков (55 кг) камсыздаган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча курама команда Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында эки күмүш жана эки коло медалга ээ болду. 

1 / 4
Эң жеңил салмактагы балбан Жоламан Шаршенбеков
2 / 4
63 килограммга чейин күрөшкөн балбан Урмат Аматов
3 / 4
Килем бетинде 87 килограммда күч сынашкан Азат Бейшебеков
4 / 4
Оор салмактагы балбан Мурат Рамонов

Бүгүн, 27-мартта, күрөштүн грек-рим түрү боюнча Азия чемпионатынын биринчи күнү аяктап, балбандар беш салмак категориясында күч сынашты. 

Канат Аманкулов: күрөш спортуна мамлекет жакшы каражат бөлөт
Маанилүү мелдеште биринчи байгени Жоламан Шаршенбеков (55 кг) камсыздап, күмүш тагынды. Ошондой эле дагы бир күмүш медалга Урмат Аматов (63 кг) ээ болсо, Азат Бейшебеков (87 кг) менен Мурат Рамонов (130 кг) коло байгеге татыды. 

Ал эми 77 килограммда ат салышкан Эсен Асанов чейрек финалда эле утулуп калган. 

Балбандар эртең дагы беш салмак категориясында грек-рим түрү боюнча күч сынашат. Алар: Каныбек Жолчубеков (60 кг), Роман Царев (67 кг), Акжол Махмудов (72 кг), Атабек Азисбеков (82 кг) жана Үзүр Жузупбеков (97 кг).