Азия чемпионаты. Грек-рим күрөшүнүн финалынан түз алып берүү

Азия чемпионатынын биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча медалдын беш комплектиси ойнотулат
Sputnik

Кыргыз балбандарынын ичинен Жоламан Шаршенбеков (55 килограмм) менен Урмат Аматов (63 килограмм) Азия чемпионатынын финалына чыккан. Эми аларды чечүүчү беттеш күтүп турат.

ТОП-15. Килем үстүнөн жолугабыз! Учурдун болуп-толуп турган балбандары ким?
Финалдык беттештер Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүүдө.

27-февралда башталган Азия чемпионаты 4-мартта жыйынтыкталат. Жалпысынан медалдын 30 комплектиси ойнотулат.

Эртең, 28-февралда, грек-рим күрөшү боюнча беш салмак категориясында күч сынашуу болот. 1-2 март күндөрү кыз-келиндер арасында, 3-4 мартта эркин күрөш боюнча чемпионат өтөт.

Азия чемпионатынын болжолдуу беттештери кандай өткөнүн тексттик трансляциядан таанышсаңыз болот.