КРдин дагы бир спортчусу күрөш боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду

Ушул тапта Бишкекте күрөш түрлөрү боюнча чоңдор арасында Азия чемпионаты өтүп жатат
Sputnik

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык спортчу Урмат Аматов Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды.

Жоламан Шаршенбеков күрөш боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга татыды
Ал буга чейин чейрек финалда корей балбанын 2:1 эсебинде утуп, жарым финалда япониялык спортчу Инагучини 8:7 эсебинде жеңип алган. Ал эми алтын медаль үчүн кармашта өзбекстандык каршылашы Элмурат Тасмурадовго 8:0 эсебинде жеңилип калды.

Ушул тапта Бишкекте күрөш түрлөрү боюнча чоңдор арасында Азия чемпионаты өтүп жатат. Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча медалдын 5 комплектиси ойнотулмакчы.

Азия чемпионатынын жүрүшү менен тексттик трансляциядан таанышыңыздар.