Радио

Аскарбеков: мекендештерибиз үйдү жылуулоо жолдорун үйрөнүп калышты

KyrSEFF программасынын консультанты, эксперт Бакыт Аскарбеков үйдү жылуулоо үчүн материалдар да жеткиликтүү болуп калганын айтты
Sputnik
Аскарбеков: мекендештерибиз үйдү жылуулоо жолдорун үйрөнүп калышты

Мекендештерибиз үйдү жылуулоо жолдорун үйрөнүп калышты. Бул тууралуу Бакыт Аскарбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мурун жарандар заңгыраган үйлөрдү куруп, суук болгондуктан анда жашашкан эмес.

"Кыргызстанда үйдү жылуулоо, күндөн энергия алуу программалары иштегенден бери көп адамдардын ой жүгүртүүсү өзгөрдү. 7-8 жыл мурун үйдү жылуулоо, энергияны үнөмдөө деген ой жок эле. Көпчүлүк жарандар заңгыраган үй куруп, анан жанына времянка салып туруп ошол жакка кирип кетишчү. "Кыргыздар чоң там салат, төрүнө кирбей өлүп калат" деген сөз жөн чыккан эмес. Эми гана ошол чоң үйдү жылууласа болоруна көзү жетип калды", — деди Аскарбеков.

Ал үйдү туура жылууласа кышкысын кетчү чыгашалар азаярын кошумчалады.