Ошто каза болгон индиялык студент. Министрлик комиссия түздү

Студент 22-февраль күнү ичи катуу ооруп жатканын айтып ооруканага кайрылган
Sputnik

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Ош облсутук ооруканасында каза болгон индиялык студенттин өлүмү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн атайын комиссия түздү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

30 жаштагы С. Кумар аттуу студент ооруканага 22-февраль күнү ичи катуу ооруп, кускусу келип, оозу кургап жатканын айтып кайрылган. Дарыгерлер ага шашылыш түрдө операция жасап, өтүшүп кеткен панкреонекроз илдетин аныкташкан.

"Операциядан кийин ал жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Оорулуунун жүрөгү ошол эле күнү саат 10.25те токтогон. Ошол замат бардык зарыл болгон процедуралар жүргүзүлгөн. Бирок министрлик чет элдик жарандын өлүмү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түздү", — деп айтылат билдирүүдө.

Ведомство комиссиянын иши боюнча кабар берилерин кошумчалады.

Эске салсак, ОшМУнун проректору индиялык студент 6-курста окуганын жана окуу жай Индия элчилиги менен биргеликте маркумдун сөөгүн мекенине жөнөтүү боюнча документтерин даярдаганын айткан.