Түштүк Кореядагы кышкы Олимпиада оюндары аяктады

Кийинки кышкы Олимпиада оюндары 2022-жылы Кытайдын борбору Пекинде өтөт
Sputnik

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Түштүк Кореядагы XXII кышкы Олимпиада оюндары аяктаганын Р-Спорт агенттиги жазып чыкты.

"Пхенчхандагы Олимпиада оюндардын жаңы мейкиндиги болуп калды", — деп Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бах билдирди.

​Кышкы Олимпиада оюндары 9-25-февраль аралыгында өтүп, катышуучулардын саны боюнча рекорд коюлду. Тагыраагы 92 мамлекеттен 2925 спортчу келген. Бул оюндарга биринчи жолу Сингапур, Малайзия, Эквадор, Нигерия, Эритреи жана Косовонун спортчулары катышты.

​Жалпысынан 7 спорттун түрү боюнча 102 комплект медаль ойнотулган. Алдын ала маалыматтар боюнча медалдардын саны боюнча алдыңкы орунду Норвегия ээледи. Аталган өлкөнүн спортчулары 14 алтын, 14 күмүш жана 11 коло медалга ээ болушкан. Мындай көрсөткүч менен алар өздүк рекордун жаңылашты.

​Кийинки кышкы Олимпиада оюндары 2022-жылы Пекинде өтөт. Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах Олимпиадалык тууну Пекиндин мэри Чэнь Цзининге тапшырды.