Индияда баштын көлөмүнөн да чоңоюп кеткен мээнин шишигин алып салышты

Шишик 31 жаштагы Сантал Палдын башында мындан үч жыл мурда эле пайда болуп, акырындап чоңое баштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Индиянын Мумбай шаарындагы хирургдар тобу операция жолу менен адамдын мээсинен 1,8 кг. салмактагы шишикти алып салышты. Бул туурасында РИА Новости The Hindu басылмасына шилтеме кылып кабарлады.

Өзбекстанда биринчи жолу операция жолу менен боор алмаштырылды
Операция алты саатка созулган. Нейрохирург Тримурти Надкарнинин айтымында, бул кыязы, дүйнөдөгү эң чоң шишикти алган уникалдуу операция болду. Анын көлөмү ооруп жаткан кишинин башынан да чоң болуп кеткен.

Шишик 31 жаштагы Сантал Палдын башында мындан үч жыл мурда эле пайда болуп, акырындап чоңое баштаган. Бирок дарыгерлер аны алып салуу үчүн тобокелдикке барган эмес.

Оорунун айынан Палдын көзү көрбөй калган. Жыйынтыгында, нейрохирургдар шишикти алып салууга бел байлаган. Алар операциядан кийин жигиттин көзү көрүп калат деп ишеним артып турушат. Азыр Палдын ден соолугун акырындап жакшырып, эч кандай коркунуч жаралбагандыгын айтышты.

Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр оорулары орчундуу илдеттердин сап башында. 2017-жылы дарттан каза болгондордун 50дөн ашык пайызы дал ушул жүрөк-кан тамыр ооруларынан жапа чеккен.