БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Казакстанга тигилип барган балдар кийимдери биздики да болбой калышы ыктымал. Бул тууралуу "Легпром" жеңил өнөр жай ассоциациясынын президенти Сапар Асанов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына маалымдады.
Буга чейин айрым ЖМК өкүлдөрү Казакстандын Караганды шаарында балдардын Кыргызстандан тигилип барган кийимдеринен формальдегиддин белгилери табылганын кабарлаган.
Анын божомолунда бул иш "атайын жасалышы" ыктымал.
"Кичинекей балдардын кийимин чыгаруу бизде катуу көзөмөлгө алынат. Кийим-кече өлкөдөн сыртка сертификатсыз чыгарылбайт. Бизге деле "Кыргызстандан жасалган" деген белги менен Кытайдан көп эле кийим-кече келет. Казакстан, Россия менен 20 жылдан ашык убакыттан бери иштешип келебиз. Бул аралыкта биздин товарларга карата бир дагы даттануулар келген эмес. Менин оюмча бирөө биздин аброюбузга шек келтириш үчүн муну атайын эле жасады", — деди Асанов.
"Эгер маалымат такталса, бул ишти тыкыр көзөмөлгө алып, аягына чейин чыгарабыз. Бирок азырынча бул товарды ким, кайсы компания чыгаргандыгы боюнча так маалымат жок", — деди министр.
Анткен менен Казакстанда анын ичинде Алматыда Кыргызстандын товарларына суроо-талап жогору