"Ретро-Метро" түнкү клубунун жанындагы эс алуу борборундагы өрт чектелди

Окуя болгон жерде беш өрт өчүрүүчү унаа иштеп жатат
Sputnik

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. "Ретро-Метро" түнкү клубунун жанындагы эс алуу борборунан чыккан өрт чектелди. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады. 

“Өрттүн мизи саат 22.57де кайтарылды. Жеринде беш өрт өчүрүүчү унаа жана ӨКМ куткаруучулары иштеп жатат”, — деп айтылат билдирүүдө. 

Эске салсак, кырсык тууралуу маалымат өрт өчүрүү кызматына жума күнү саат 21.27де түшкөн. Алгачкы маалыматта имараттын чатыры күйүп жатканы айтылган.