Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Саламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиологу Акпай Сарыбаевге кайрылып, өлкөдөгү жүрөк-кан тамыр ооруларынын орчундуу түрлөрү, себептери жана дарылоо жолдору тууралуу сураштырып көрдү.
Жүрөк-кан тамыр ооруларынын эң жайылган түрү инфаркт жана инсульт.
Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоо үчүн жылына орто эсеп менен 1,7 миллиард сом жумшалат. Былтыр саламаттык сактоо министрлигинин эсептик тобу жүрөк-кан тамыр ооруларынын экономикага тийгизген таасири 9 миллиарддан ашык сом экендигин аныктап чыккан. Чет өлкөдө саламаттык сактоо тармагына мамлекеттик бюджеттин 5-10 пайызы бөлүнсө, Кыргызстандыкы эки пайызды гана түзөт.
Акпай Сарыбаевдин айтымында, Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынан жыл сайын 18 миңден ашык, ал эми күнүгө 50дөй адам көз жумат.
1. Инфаркт — жүрөктүн булчуңдарына кандын жетпей калышы. Мында кан тамырлары май заттар (холестерин — ред.) менен бүтөлүп, кан өтпөй калат. Арыкты тазалабай койсоң суу акпай калгандай эле нерсе. Бул оору башталганда жүрөк сайгылашып, кысылып, көкүрөк ысып чыгат.
3. Инфарктка да, инсультка дагы атеросклероз себеп. Мында кандын курамында холестерин көбөйүп кетет. Ал мээ кан тамырларынын ички катмарына жабышып отуруп чоңоюп, анан кан тамырларды кыса баштайт. Ушундан улам мээде кан айлануу системасы бузулат. Демек, холестериндин организмде чектелүү болгону дурус. Холестеринди адам жеген тамак-аштан алат, организм өзү да иштеп чыгат. Анын организмге пайдалуу да, зыяндуу да жагы бар.
4. Инфарктка да, инсультка дагы гипертония, башкача айтканда, жогорку кан басым да себеп болот. Бул ооруга стресс, психологиялык чыңалуу, чылым чегүү, спирт ичимдиктерин ичүү, кыймылдын аздыгы көмөкчү болот. Кыргызстанда 20 жаштан өйдө жарандардын 37-47 пайызынын кан басымы жогору.
5. Учурда беш миңдей киши жүрөк кемтик оорусунун операциясына муктаж. Жүрөк кемтигинин тубаса жана кийин пайда болгон түрү бар. Жүрөктүн тубаса кемтиги түйүлдүктүн өрчүү мезгилинде жүрөк жана ири кан тамырлардын туура эмес калыптанышынан келип чыгат. Мында клапандардын кемтигинен башка дүлөйчөлөр менен карынчалардын ортосундагы капталдарда да тешик болушу мүмкүн. Анда кандын бир бөлүгү жүрөктүн сол жагынан оң жагына өтүп, вена каны менен аралашып, кайра өпкөгө кетет же өпкөгө барбай эле жүрөктүн сол карынчасына, андан толтого барат. Натыйжада ткандарды кычкылтек менен камсыз кылуу бузулуп, жүрөккө күч келет. Ал эми кийин пайда болгон жүрөк кемтигине кан тамыр оорулары себеп.
7. Аритмия — жүрөктүн иштөө ыргагынын бузулушу. Жүрөктөгү согуу ыргагы бузулганда аритмия пайда болот. Аны адамдын сырткы чөйрөдө болуп жаткан окуяларга болгон жооп-реакциясы десек болот.
8. Миокардит — жүрөк булчуңунун сезгениши, перикардит — жүрөктү каптап турган чел кабыгынын сезгениши, эндокардит — ички чел кабыгынын сезгениши.
Алдын алуу жолдору
— Оорудан оолак болсоңуз деле жылына бир жолу дарыгерге көрүнүп, кан басымыңызды өлчөтүп туруңуз. Кан басымы нормасында 140/90 миллиметрден төмөн болушу кажет.
— Тамеки тартып, чылым чеккендер дени сак адамдарга салыштырмалуу инфаркт, инсульт жана гипертония оорусуна тез чалдыгат. Бир даана тамеки кан басымды 10 миллиметрге чейин жогорулатып, атеросклероз оорусун үч эсе бат пайда кылат. Ошондуктан жаман адаттан баш тартканыңыз туура. Спирт ичимдиктери да кан басымды жогорулатып, жүрөк-кан тамыр оорусун шарттайт.
— Сергек жашоо образына адамды жаштайынан үйрөтүү зарыл. Өзгөчө кеңседе отуруп иштегендер аз кыймылдашат. Андыктан жок дегенде күнүгө 44 мүнөттөй жөө басып же чуркап туруу керек. Бул зат менен кан алмашууну жакшыртып, кан тамырлардын серпилгичтигин жоготпой ийкемдүү кылып турат. Көп кыймылдаган адамдын инфаркт жана инсультка кабылуу мүмкүнчүлүгү 18-20 пайызга азаят.
— Адам суткасына 7-8 саат укташ керек. Мында бүтүндөй организм эс алат да, өз калыбында иштейт. Уйкудан убакытты үнөмдөө адамды оорукчан кылат.
Дарыгер Акпай Сарыбаевдин айтымында, жүрөк-кан тамыр ооруларын өз алдынча дарылоо мүмкүн эмес. Илдеттин белгилери болгондо сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылуу керек. Далилге негизделген медицина гана бейтаптарга туура жол көрсөтө алат.