Өрттөн качып 5-кабаттан секирип кеткен өспүрүм ооруканада көз жумду

Батирде өрт бейшемби күнү саат 15.20лар чамасында чыгып, аны өчүрүүгө эки атайын унаа тартылган
Sputnik

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Өрттөн качам деп 5-кабаттан секирип кеткен 15 жаштагы өспүрүм Бишкектеги №3 балдар ооруканасында көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Өспүрүмдүн жаракаттары абдан көп экен. Ооруканага жеткирилгенине эки саат өткөндөн кийин каза болду. Дарыгерлер операцияга даярданып жатышкан. Тилекке каршы, ага жетпей үзүлүп кетти", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, бейшемби күнү Бишкектин Түгөлбай-Ата жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдүн 5-кабатындагы батирден өрт чыгып, анда жашаган өспүрүм секирип кеткен. Кийин ал оор абалда №3 балдар клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.