Сауд Аравиянын кыз-келиндерине ишкерлик кылууга уруксат берилди

Эми аялдар эркектердин уруксаты жок эле ишкана каттатууга документ тапшыра алышат
Sputnik

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Сауд Аравиянын аялдарына күйөөлөрүнүн уруксаты жок эле ишкерлик кылууга уруксат берилди. Бул тууралуу Arab News агенттиги аталган өлкөнүн соода жана инвестиция министрлигинин маалыматына таянып кабарлады.

Сауд Аравиясында 35 жылдан бери биринчи жолу кинотеатр иштеди
Билдирүүгө ылайык, аялдар эркектердин уруксаты жок эле фирманы каттоого документ тапшыра алышат. Жергиликтүү бийлик эми эркектердин макулдугун талап кылбайт.

Белгилей кетсек, буга чейин кыз-келиндер окуу мекемелерине жазылып, мамлекеттик түзүмдөргө документ тапшыруу үчүн жолдошу, ага-иниси же атасынын уруксатын сөзсүз көрсөтүшү керек болчу.

Бир жума мурда аталган өлкөнүн прокуратурасы аялдарды тергөөчүлүк кызматка ала турганын да жарыялаган.