Кыргызстандагы медреселер эмнени окутат? Муфтияттын жообу

Муфтияттын статистикасына ишенсек өлкө боюнча 92 медресе иштейт. Алардын 16сы кыздар үчүн, 17си аралаш, калганы балдар үчүн.
Sputnik

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Кыргызстандагы медреселерде диний окутуулардан сырткары мектеп программасындагы предметтер дагы өтүлөт. Бул тууралуу муфтияттын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйын учурунда билдирди.

Заведующий отделом образования Духовного управления мусульман КР Акимжан Эргешов

Анын айтымына караганда, медресеге 9-класска чейин окуган балдар гана кабыл алынат. Диний сабактарга куран, хадистер, пайгамбардын жашоосу, руханий нормалар жана диндин тарыхы кирет.

Эргешов балдарга мектептеги негизги предметтер: математика, физика, геометрия, химия, кыргыз тили жана Кыргызстандын тарыхы өтүлөрүн белгиледи.

"Айрымдар медреселерде террорчулар тарбияланарын айтып келишет. Бирок бул кадимки эле мектеп да. Кантип эле террорчулар даярдалсын. Медресени аяктагандар эл катары жогорку окуу жайларга тапшырат", — деди Эргешов.

Ал ошондой эле муфтият жылына эки жолу медреселерди текшерерин кошумчалады.

Талапка жооп бербейт! Өлкөнүн түштүгүндө алты диний окуу жай жабылды
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын укуктук бөлүмүнүн башчысы Ормон Жаныбеков дагы медреселер текшерилип турарын айтып өттү. Бирок ал белгилегендей, медреселерге тийиштүү так критерийлер жок. Себеби Билим берүү министрлиги Баш мыйзамда Кыргызстан светтик өлкө экени көрсөтүлгөндүктөн лицензия берүүдөн баш тарткан.

Муфтияттын статистикасына ишенсек өлкө боюнча 92 медресе иштейт. Алардын 16сы кыздар үчүн, 17си аралаш, калганы балдар үчүн. Диний мектептерде 8 193 бала билим алат.

Эскерте кетсек, буга чейин Тынчтык инновациялары боюнча Булан институту Кыргызстанда ислам диний билим берүү мекемелериндеги абал, анын ичиндеги медреселер тууралуу иликтөө-докладын жарыялаган. Анда окуу программалары, светтик билимди интеграциялоо маселеси, каржылык булактары тууралуу маселелер изилдөөгө алынган.