БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Казакстандын ТИМинен Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын жараны экени айтылган нота келип түштү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине министрликтин маалымат кызматынын билдиришти.
Маалыматка караганда, мындай билдирүү КР ТИМине бүгүн келип түшкөн.
Буга чейин бир катар ЖМКлар депутаттын кош жарандыгы бар экенин жазып чыкканы менен ТИМ бул маалыматты тастыктай элек болчу.
Эске салсак, 15-16-февраль күндөрү Казакстандын күч органдары жүргүзгөн операциянын алкагында кармалган адамдардын арасында Кыргызстандын ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу дагы болгонун ТИМ тастыктаган.