Олимпиадага алдамчылык менен барган америкалык спортчу аныкталды

Соцтармактын колдонуучуларын жана ЖМК өкүлдөрүн хафпайп лыжасы боюнча мелдешке Венгриянын курама командасындагы америкалык спортчу таң калтырды
Sputnik

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Кышкы Олимпиада оюндарында хафпайп боюнча америкалык лыжачы Элизабет Суэйни Венгриянын командасы менен чыгып, бул спорттун жөнөкөй эрежеси менен такыр түшүнүгү жок экенин көрсөтүп көпчүлүктү таң калдырды. Бул тууралуу NBC Olympics каналы жазып чыкты. 

Эреже боюнча тоодон ылдый лыжа менен түшкөн спортчулар бир нече трюктарды көрсөтүшү керек. Бирок Суэйни жөн гана лыжа деп бир нече жолу секирүүгө аракет кылган. Окуяга күбө болгондор спортчу Олимпиадага кантип катышып калды деп суроо салышкан.

​Биринчи орунду алган канадалык спортчу Кэсси Шарп төмөндөгүдөй трюктарды жасаган.

​Маалым болгондой америкалык спортчу тандоо системасын алдап Олимпиада оюндарына катышкан. Карьерасын 25 жашында баштаган спортчу АКШнын курамасына кирүү аракетинен майнап чыкпай, алгач Венесуэланын, кийин Венгриянын командалары менен чыга баштаган.

Кыргызстандык лыжачы Олимпиада оюндарында 46 атаандашынан ашып өттү
Түштүк Кореядагы кышкы Олимпиадага катышуу укугун алуу үчүн Дүйнө кубогунун этаптарында эң мыкты 30 спортчунун катарына кирүү керек. Тандоо системасындагы бул боштуктан пайдаланып, Суэйни катышуучулардын саны 30дан ашпаган гана мелдештерге барып турган. Оюндан четтетилген айрым спортчуларды эске алуу менен 28 же 29-орундарды ээлеген. Суэйни ушундай жол менен нормаларды аткарып, Олимпиадага катышып калган.

Пхенчхандагы мелдеште Суэйни 30 гана упай алып, акыркы орунду алган. Соцтармактын колдонуучулары спортчуну "орто деңгээлде" деп сыпаттап, Олимпиадага катышпашы керектигин белгилешкен.

"Кышкы Олимпиадага эң мыкты 2951 спортчу жана ушул аял катышып жатат", — деген пикирин Deadspin Twitter баракчасына жазды.

Өздөрүнүн терс пикирлерин бир топ кишилер билдирген.