Элибиз бычактын анты болот деп ага өзгөчө мамиле жасап, ага карата атайын тыюуларды колдонушкан. Алар кайсылар? Sputnik Кыргызстан агенттигине этнопедагог Абдыкерим Муратов айтып берди.
Бычак менен отту көзөбөйт. Отту көзөгөн өзүнчө оокат болот. Анын үстүнө ата-бабалар "от — жандуу" деп айтышчу. Андыктан ага миздүү куралдарды жакындатпаш керек.
Бычак менен казандагы этти сайып чыгарбайт. Казандагы этти гана эмес башка да тамак-ашты бычак менен сайып чыгарган туура эмес. Сайгыч же депкир менен чыгарып, суюгун чөмүч менен куюп алат.
Кезебейт, тап бербейт. Бычактын анты болот. Оюндан от чыгып кетпеши үчүн обу жок колдонбойт. Бычакты колуна алып жаңсап да сүйлөбөйт.
Кырынан койбойт. Анын мизи мал тилегендиктен малың кырылып калышы мүмкүн деген ишеним жашаган.
Мизинен кармабайт. Мизинен жалабайт дагы, негизи эле оозго салбайт. Ошондой эле мизин өйдө каратпайт.
Бычактын учу менен тамак жебейт. Элде бычак менен тамак жеген адам ачуулуу болуп калат деген түшүнүк бар.
Устукан бөлүштүрүп, эт тартууда эмнелерди эске алыш керек? Билбесеңиз Sputnik агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>