ШИИБ: Казакстандын жараны Бишкекте алдамчылык менен кармалды

Милиция бул факты боюнча кылмыш ишин козгоду
Sputnik

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Казакстандын тургуну Бишкекте алдамчылыкка шектелип кармалды.

Шенген визасын алып беребиз деп жердешин алдаган пакистандыктар кармалды
ШИИБдин маалымат кызматы билдиргендей, Октябрь райондук милициясына шаардагы фирмалардын биринин кызматкери кайрылып, Кастер аттуу жаран 2017-жылы декабрда жүктөрдү жеткирип берем деп 2800 долларын алып, изин жашырып кеткенин айткан.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") боюнча кылмыш иши козголуп, 30 жаштагы Казакстандын жараны кармалган. Ал эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Анын ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине катыштыгы бардыгы териштирилүүдө.