Төрт жоокерди моджахеддерден алып чыккан. Генерал-лейтенант Асанкулов жөнүндө 7 факты

Генерал-лейтенант Жумабек Асанкулов советтик чалгын кызматынын көрүнүктүү өкүлү. 40 жашында Кыргыз ССРнин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы болуп, Орто Азиядагы жергиликтүү калктын арасынан дайындалган биринчи жетекчи болгон. Асанкуловдун көзү тирүү болгондо бүгүн 91 жашка толмок.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги генерал-лейтенанттын өрнөктүү өмүрүндөгү урунттуу учурларды эскерип, кызыктуу фактыларды сунуштайт.

1. Бала чак. Жумабек Асанкулов 1927-жылы 20-февралда Москва районун Кепер-Арык айылында туулган. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда колхоздун башкармасы аны сегиз класс билими менен адегенде эң жооптуу деп эсептелген эсепчи, андан кийин таразачы кызматына коёт. 19 жашында Кыргыз ССРнин Мамлекеттик коопсуздук министирлигине кызмат өтөөгө кабыл алынып, өзүн өмүрүнүн акырына чейин мамлекеттин коопсуздугуна арнайт.

Генерал-лейтенант Жумабек Асанкулов

2. Меккеге жиберген тапшырма. Асанкулов Мамлекеттик коопсуздук комитеттин (МКК) тапшырмасын аткарып, бир нече жолу чет өлкөгө чалгынга чыккан. 1964-жылы кыргызстандык зыяратчылар менен Мекке шаарына ажылыкка барып, жергиликтүү контрчалгындоо кызматынын тоскоолдугуна карабастан Борбордон берилген тапшырманы толугу менен аткарган. Бул эрдиги үчүн Жумабек Асанкулович кыргыз чекисттеринин ичинен биринчилерден болуп "СССРдин мамлекеттик коопсуздугунун Ардактуу кызматкери" төш белгиси менен сыйланган.

Генерал-лейтенант Жумабек Асанкулов

3. Биринчи кыргыз төрага. 1967-жылы Асанкулов Кыргыз ССРнин мамлекеттик кооопсуздук комитетинин төрагасы болуп дайындалып, бир жылдан соң 41 жашында генерал-майор наамын алат. Орто Азиядагы жергиликтүү элдин ичинен дайындалган биринчи жетекчи эле. 1949-жылы Кытай бийлигине келген Коммунисттик партиянын лидерлери СССРди эки өлкөнүн ортосунда түбөлүк достук мамиле болот деп ишендирип, Кремль Кыргыз ССРинин мамлекеттик коопсуздук комитетинин чалгындоо бөлүмүн жоюп салган. Бирок эки мамлекеттин ортосунда мамиле айтылгандай болгон эмес. Мындан улам Асанкулов жоюлган чалгындоо бөлүмүн кайрадан калыбына келтирген. Кыска убакыттын ичинде бул бөлүм өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтүп, Асанкулов СССРдин башчысы Юрий Андропов жана СССРдин МККнын жетекчиси Владимир Крючковдун ишенимине жана сый-урматына ээ болгон.

Казакстанга Азиядан күмүш алып берген депутат Дамирбек Асылбек уулу тууралуу 7 факты
4. Улуттук идеяны коргоо. 1978-жылы саясий оюндардын курмандыгы болуп жетекчилик кызматтан кеткен. Асанкулов 11 жыл Москвада МККнын окуу жайында атайын курстун жетекчиси болуп иштеген. 1989-жылы Кыргыз ССРинин МКК төрагалыгына кайрадан дайындалып, ЖОЖдордогу кыргыз интеллигенциясына каршы 200дөн ашык далили жок иш-чараларды жүргүзүүгө тыюу салган. Анын натыйжасында улутчул деп айыпталган илимпоздордун көбү акталган. Асанкулов 1990-жылдардагы Ош коогалаңын басууга да зор салымын кошкон. 1991-жылы ал СССРдин мамлекеттик коопсуздук комитетинин генерал-лейтенант наамын алат. Ошол эле жылы жетекчиликтин каршылыгына карабастан оппозициячыл Кыргызстан демократиялык кыймылы менен "Асаба" партиясынын Үркүндүн 75 жылдыгын белгилөөгө арналган "Өмүр көчү" акциясын өткөрүүнү колдоп чыккан. Мындан тышкары, Чоң-Таш айылынын жанында саясий репрессиянын курмандыктарынын сөөгү коюлган мүрзөнү изилдөөдө эмгеги чоң

Генерал-лейтенант Жумабек Асанкулов

5. Элчи. Асанкулов эгемендүү Кыргызстандын Коргоо министрлигинде аскердик чалгындоо башкармалыгынын пайдубалын түптөйт. Ошондой эле Тажикстандагы беш жылга созулган жарандык согушту токтотуп, тынчтыкты орнотууга жана ал даярдаган аскердик чалгынчылар зор салымын кошкон. Жумабек Асанкулович Тажикстандын Тоолуу Бадахшан аймагында жайгашкан кыргызстандык батальондун афгандык моджахеддердин туткунуна түшкөн төрт аскерди куткарган. Согушкерлер анын кайрылуусун укканда эч кандай талап койбой, жоокерлерди бошотуп беришкен.

Генерал-лейтенант Жумабек Асанкулов

6. Үй-бүлөсү. Жумабек Асанкулович жубайы Сонунбүбү апа экөө эки уул, бир кызды тарбиялашкан. Тилекке каршы, кичүү уулу Булат 28 жашында оорудан каза болгон. Улуу баласы Марат менен кызы Лариса да атасынын жолун улап коопсуздук системасында иштеди. Алар учурда Москва шаарында жашайт.

7. Ак эмгеги үчүн Асанкулов СССРдин жетекчилиги жана Ата Мекен тарабынан төрт орден жана 17 медаль менен сыйланган. 2009-жылы 82 жашында узак оорудан кийин Москва шаарында каза болгон.