Бишкектеги жер үстүндөгү өтмөктөрдө лифт эмнеге иштебейт. Акимдин жообу

Былтыр "Аламүдүн" менен "Мадина" базарларынын жанына жер үстүндөгү өтмөктөр ачылып, лифт орнотулган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын көчөлөрүнө коюлган жер үстүндөгү эки өтмөктөгү лифттердин системасы бузулуп калгандыктан иштебей жатканын Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Окурмандар "Аламүдүн" менен "Мадина" базарларында былтыр ноябрь жана декабрда ачылган жер үстүндөгү өтмөктөрдөгү лифттер эмне үчүн иштебей калганын сурап редакцияга кайрылышкан.

Болотбековдун айтымында, сууктан жана Бишкек ТЭЦиндеги авариядан улам жарык өчүп лифттердин системасы бузулган.

"Мадина" базары жакка коюлган өтмөктөгү лифтте бараткан адамдар жарык өчүп калып ичинде калган учурлар болду. Лифтти ачканда айрым түзүлүштөрү бузулуп калган", — деди Болотбеков.

Кош бойлуу келин жер алдындагы өтмөктө кантип тайгаланып жыгылды. Видео
Келтирилген бардык мүчүлүштүктөрдү подрядчик калыбына келтиргендиктен, лифттер бүгүн, же эртеңден тарта кадимки тартипте иштеп башташы мүмкүн экени айтылды.

Негизи лифттер базар ачылгандан жабылганга чейин эртеден кечке иштейт.

Аким "Бишкекшаарлифт" ишканасында мындай жабдууларды тейлей турган адистер жок экенин кошумчалады.

Жер үстүндөгү өтмөктөрдүн ачылышында тартылган видео