Кыргызстандык дзюдочулар Германиядагы эл аралык турнирге катышат

Турнир аяктагандан кийин спортчулар ошол эле Германияда 1-мартка чейин машыгышат
Sputnik

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы 2018-жылдын эсебинен алгачкы жолу "Гран-Слам" эл аралык турнирине катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Колу Коконго, буту Букарга жеткен оюнчулар. Учурдун мыкты волейболчулары кимдер?
Мелдеш 21-25 февраль күндөрү Германиянын Дюссельдорф шаарында өтөт. Ага өлкө атынан Артур Те, Бектур Рысманбетов, Ишен Аманов, Эрлан Шеров, Фарух Бүлөкулов, Болот Токтогонов жана Юрий Краковецкий катышмакчы. Аларды башкы машыктыруучу Абдужалил Юнусов коштоп барат.

Буга мамагенттиктин алдындагы олимпиадалык спорт боюнча дирекция тарабынан 1 миллион 79 миң сом каралган.

Турнир аяктагандан кийин спортчулар ошол эле Германияда 1-мартка чейин машыгышат.

Ал эми 11-мартта Бишкекте FFC турнири өтөт. Анда тайбокс боюнча жарым профессионалдар арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону, профессионалдар арасында Евразия чемпиону Жаныбек уулу Бейшебек биринчи жолу эрежесиз урушта күчүн сынайт.