Ырчы Светлана Назаренко кайрадан кыргызча обон созду

Ырдын сөзү акын Бактыгүл Чотуровага, музыкасы Жолдош Апасовго таандык.
Sputnik

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. "Город 312" тобунун солисти Ая (Светлана Назаренко) КР Эмгек сиңирген артисти Жылдыз Осмоналиева менен чогуу "Дарак ыры" алгачкы кыргыз мюзиклине жаңы саундрек жаздырышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ырчылар кыргыз тилинде ырдашып, ырды жаздыруу жана клипти тартуу иштери Игорь Матвиенконун Москвадагы студиясында жүргүзүлгөн.

"Бир нече күндөн кийин саундтрек кыргыз көрөрмандарына тартууланат", — деп айтылат маалыматта.

Ырдын сөзү акын Бактыгүл Чотуровага, музыкасы Жолдош Апасовго таандык. 

Мюзикл Дарак ыры / Песнь древа

"Дарак ыры" кыргыз киносунун тарыхында биринчи ирет кыргыз тилинде тартылган мюзикл. Ал турмушта болгон чыныгы окуяга негизделген.

Тасманын авторлору мюзикл кандай тартылганын, кандай кыйынчылыктар менен күтүлбөгөн окуялардын болгонун айтып берди.