Өзү төрөп, баласын катып койгон келин. Милиция кылмыш ишин козгоду

Ымыркайдын энеси оор абалда Чүй облустук ооруканада жатат
Sputnik

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Милиция жаңы төрөлгөн ымыркайдын өлүмү боюнча Кылмыш жаза кодексинин 100-беренеси (төрөгөн баласын өлтүрүү) менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Чүй ОИИББден маалымдашты.

Билдирмеге караганда, учурда келин Чүй облустук ооруканада кайтарууда жатат.

Баласын депкир менен сабаган келиндин сурак берүү учуру. Видео
Милициядан билдиришкендей, 32 жаштагы аял баласын ажатканадан эмес, өзү жашаган ферманын имаратында төрөгөнү аныкталган. Тагыраагы, ымыркайдын ажатканага кулап эмес, башка жагдайда каза болушу мүмкүндүгү айтылууда.

"Тергөө тобу жаңы төрөлгөн ымыркай эмнеден улам чарчап калганын иликтейт. Алар келинди суракка алуу үчүн анын сакайып кетишин күтүп жатышат", — деп билдиришти милициядан.

Эскерте кетсек, буга чейин Аламүдүн районунун Восток айылындагы мал фермада иштеген аял төрөп, баласын баштыкка салып, дивандын алдына катып койгону маалым болгон.