Бишкекте энеси менен бараткан кызды унаа учура сүздү. Видео

Кызын жетелеген аял жолду туура эмес жерден кесип өткөн
Sputnik

Окуя тууралуу маалымат агенттиктин Telegram-каналына келди. Күбөнүн айтымына караганда, кырсык бүгүн, 19-февралда, саат 17.00дөр чамасында Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"Кырсык Малдыбаев менен Абай көчөлөрүнүн ортосунда, бассейнге жакын жерде болду. Кызды кырсыкка себепкер унаанын айдоочусу алып кетти", — деди күбө.

Маршрутка сүзгөн келиндин жолдошу: "алдамчысың" деп коркутуп чалгандар көбөйдү
Видеодо көрүнүп тургандай, жети жаш чамасындагы кызын жетелеген аял жолду туура эмес жерден кесип өткөн. Натыйжада өйдө жактан катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа жеткинчекти коюп кеткен.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы учурда бул маалыматты текшерип жатат.

Ал эми Тез жардам кызматы аталган даректен азырынча чакыруу түшө электигин маалымдады.