Чычкан суусуна кулаган бензовоз кандай чыгым алып келгени аныкталды

Кырсык болгон жердеги суунун үлгүсү алынып, лабораторияга жөнөтүлгөн
Sputnik

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун Корумду аймагына кулаган бензин ташуучу автоунаа жаратылышка кандай зыян келгенин Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы алдын ала маалымат таратты.

Чычкан суусуна кулаган унаадан 30 тонна бензин төгүлгөн. Ким кандай зыян тартты?
Ага ылайык, Reno үлгүсүндөгү бензовоздогу 28 тоннадан ашык АИ-92 үлгүсүндөгү бензин өрттөнүп жарылып, Чычкан суусуна куюлган.

Автоунааны айдап бараткан 50 жаштагы киши Токтогул райондук ооруканасына жаткырылганы белгилүү болду.

Экологиялык коопсуздук боюнча инспекторлор жол кырсыгынан суу жээгинде өсүп турган 8 түп карагай (10-24см диаметр), 25 түп кайың (10-35см диаметр) 6 түп бадал өрттөнгөнүн аныктаган.

"Токойду каптаган өрттү Токтогул райондук өрт өчүрүү кызматы өчүргөн", — деп айтылат маалыматта.

Кырсык болгон жердеги суунун үлгүсү алынып, лабораторияга жөнөтүлдү.

Өкмөт буга чейин күйүүчү майды коопсуз жол менен ташуу жагын караштырарын билдирген.