БШКга депутат Аида Салянова боюнча шаардык соттун өкүмү келди

Боршайком Аида Салянованы мандаттан ажыратса, тизме боюнча кезекте Гүлнара-Клара Самат турат
Sputnik

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага карата шаардык соттун чыгарган айыптоочу өкүмү келгенин БШК төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, чечим өткөн жума күнү келген.

"Шаардык соттун депутат Саляновага карата айыптоочу өкүмү келери менен биз партиянын кийинки тизмесиндеги Гүлнара-Клара Самат аттуу талапкер боюнча тийиштүү органдарга сурам жөнөттүк", — деди Бекматов.

Белгилей кетсек, 7-февралда Бишкек шаардык соту эл өкүлү Аида Саляновага карата өкүм чыгарып, Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган болчу. Ага ылайык, депутат мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга эркинен ажыратылган. Бирок Салянованын кичүү баласы 14 жашка чыга электигинен улам жаза өтөө мөөнөтү жылдырылган.

Гүлнара-Клара Самат деген ким?

БШК: 4 эле депутат бир айылдын жашоосун бир нече жылга "тоңдуруп" кое алат
Борбордук шайлоо комиссиясын 2007-2008-жылдары башкарган Клара Кабилова атын Гүлнара-Клара Самат деп өзгөртүп, 2015-жылы "Ата Мекен" партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан.

Кабилова 2008-жылы Бишкек шаардык кеңешке шайлоо учурунда экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев аны коркутканын айтып, өмүрүнө жана үй-бүлөсүнө коркунуч келгенин ачыктап, өлкөдөн чыгып кеткен.

Салянова мандатынан качан ажыратылышы мүмкүн?