Үй тазалоочу каражаттардын адамга зыяны кандай? Окумуштуулардын аныктамасы

Химиялык каражаттар колдонуп жаткан маалда заянын тийгизбегени менен жылдар бою чогулуп отуруп, ден соолукка чоң залака алып келе
Sputnik

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Үйдү тазалоодо дайыма ар кандай химиялык каражаттарды колдонуу өпкөгө зыянын тийгизиши мүмкүн. Бул тууралуу American Journal of Respiratory and Critical Care Medicine журналына шилтеме берип, РИА Новости агенттиги жазды.

Кошуна менен көп баарлашуу адамдын жаштыгын сактайт. Окумуштуунун аныктамасы
Окумуштуулар 20 жыл бою 6236 адамдын ден соолугун иликтеп турушкан. Жыйынтыгында үй кожойкелери менен пол жуугуч аялдардын дем алуу органдары башкаларга салыштырмалуу тезирээк начарлап кеткени байкалган. Адистердин айтымында, мындай көрүнүш көп жылдар бою чылым чеккен адамдарда кезигет.

Идиш жуучу жана үй тазалоочу каражаттарды көп колдонгон үй кожойкелеринде астмага чалдыгуу тобокелчилиги 12,3 пайызга, пол жуугучтардыкы 13,7 пайызга көбөйгөн.

Адистердин пикиринде, химиялык каражаттар колдонуп жаткан маалда заянын тийгизбегени менен жылдар бою чогулуп отуруп, ден соолукка чоң залака алып келет.