Экс-депутат Исаев жол кырсыктан каза болду

Мурдагы эл өкүлүнүн машинасы КамАЗга урунган. Алдын ала маалымат боюнча жол кырсыгы тумандан улам болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Мурдагы депутат Жусупали Исаев Баткенде жол кырсыгынан каза болгонун өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгы 18-февралдын түнүндө Ош — Исфана жолунда болгон.

"Эл өкүлүнүн машинасы жол четинде бузулуп турган жүк ташуучу автоунаага урунган. Жол жакшы көрүнбөй бороон болуп, коюу туман түшкөн. Бул аймакты дайыма туман басып турат. Маркумдун туугандары сөөктү Исфанага алып кетишти", — деди Халмурзаев.

Бишкекте маршрутка менен Subaru кагышып үч жүргүнчү жаракат алды. Күбөнүн видеосу
ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы жол кырсыгы болгонун тастыктады. Милициянын маалыматына ылайык, жол кырсыгы түнкү саат 12:00дөр чамасында Баткен облусундагы Ош — Исфана жолунун 290-чакырымында болгон.

Экс-депутат Range Rover автоунаасын айдап бараткан. Ал тумандан улам жолду жакшы көрбөй жол четинде турган КамАЗга урунган. Ал ооруканага алып баратканда үзүлгөн. Милиция жол кырсыгынын чоо-жайын иликтеп жатат.

Жусупали Исаев Жогорку Кеңештин V чакырылышында КСДП партиясынын депутат болуп, транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетин жетектеген.