Укук коргоочу Асылбекова: күйөөсүнүн көзүнчө кордолгон келиндин тагдыры белгисиз

Укук коргоочу Дарика Асылбекова турмуштан запкы көргөн адамдар менен жакындан тааныш. Ал жетектеген кризистик борборго сексуалдык зомбулуктан баштап кулчулукка кабылгандарга чейин кайрылышат.
Sputnik

Асылбекова Ош шаарындагы "Ак жүрөк" кризистик борборунун жетекчиси. Укук коргоочу бул борбордо 2002-жылдан бери эмгектенет. Sputnik Кыргызстан агенттиги Дарика Асылбекова менен аталган борбор, тагдырдын оор түйшүгүнө кабылгандар тууралуу маектешти. 

Деятельность кризисного центра "Ак журок" в Оше

— Алгач "Ак жүрөк" кризистик борбору тууралуу айта кетсеңиз?

— Борбор негизинен зордук-зомбулукка, үй-бүлөлүк кордукка кабылгандардын көйгөйлөрүн чечүү, аларга жардам берүү максатында ачылган. Аларга психологиялык, укуктук жана реабилитациялык жактан жардам сунуштайбыз. Андан сырткары, аялдарга 12 күндөн 18 күнгө чейин, эгерде көйгөйү чечилбесе дагы узакка баш калкалоо жайы менен камсыз кылабыз.

— Борборго жылына канча адам кайрылат?

— 800гө чукулдап барат. 2010-жылдары 1,5 миңге чейин кабыл алганбыз. Бирок кайрылган адамдардын так санын айтуу мүмкүн эмес. Көбүнчө үй-бөлүк кордукка кабылып, азап чеккен адамдар келет. Андан сырткары, сексуалдык зордук-зомбулукка кабылгандар, адам сатуунун курмандыгы болгондор да бар. 

Деятельность кризисного центра "Ак журок" в Оше

— Тагдыры түркүн адамдар келери анык. Сизди аябай кейиткен окуялар тууралуу айта кетсеңиз.

— Бизге келген адамдардын ар биринин өзүнчө аянычтуу тагдыры бар. Айрым учурда биз жардам көрсөтө албай, күчүбүз жетпей калган окуялар болот. Ушул убакка чейин бизди эң кейиткени адам сатуунун курмандыгы болгон келиндин окуясы. Казакстанга иштегени кетип кулчулукка туш болгон экен. Бул жактагы туугандары аны каза болду деп үмүтүн үзүп коюптур. Келин жети жылдан кийин боюндагы төрт айлык баласы менен келген. Кожоюну зордуктап койгон экен. Бул жакта төрөттүк. Документтерин алып коюп, Казакстандын талааларында иштетишиптир. Ал келин аны менен чогуу биздин дагы тогуз жаран кулчулукка кабылганын, баарын короодон алыс чыгарбай атайын адамдар кайтарып жүрүшөрүн айткан. Уйку бербей короонун ичинде гана тамеки тердиришкен. Муну менен гана тим болбостон сабап, ачка кармашкан. Ал келин менен кошо иштешкен уул-келини, кызы менен кеткен бир киши бар экен. Ошол кишинин келинин күйөөсүнүн көзүнчө зордукташкан.

Логопед Жаркынбаева: аттуу-баштуу эле адамдар майып балдарын таштап кетишет
Акыры жети жылдан кийин төрт киши качып чыгыптыр. Калган бешөө "тирүү барсаң биз жөнүндө айт" деп кала беришкен. Ноябрь айында халатчан, жайкы бут кийим менен качышкан экен. Бул жакка бизге келишти. Жогорку кызматтагыларга кайрылсак, алар Казакстанга барып ал үйдү таппай келишти. Ал жакта калгандардын тагдыры азыркыга чейин белгисиз. Келиндин абалы жакшы. Окуянын баарын анын оозунан укканда ыйлагам.

Дагы бир келин Казакстандан өткөн жылы келди. Аны 14 жашында баламды карашасың деп алып кетип, бир койчуман казакка берип коюшуптур. Казак кызды аялдыкка алып, мал кайтартканы жайлоого алып кетет. Ал жакта балалуу болушат. Күндө ур-токмокко кабылат. Кошуналары кызга боору ачып жергиликтүү органдарга билдиришкен. Кабар кыргыз консулдугуна чейин жетип, кызды кулчулуктан чыгарышат. Өзүнүн, балдарынын документи болгон эмес. Бизге келгенде алыскы туугандарын тапканбыз. Бирок алар "арадан канча жыл өтүп кетти, биз бага албайбыз" деп баш тартышты. Келин болсо Казакстанда балдарым калды, аларды алып келем деп кеткен. Ошол бойдон дайыны жок. 

Деятельность кризисного центра "Ак журок" в Оше

— Жаш балдар көбүнчө кандай көйгөйлөргө туш келишет?

— Көбүнчө өспүрүм кыздар кайрылышат. Ал эми балдар мектептеги рекетчиликтен запкы жегендер. Азыр миграциядан улам сексуалдык зомбулукка кабылган өспүрүмдөр көп. Ата-энелер бала-чакасын башка бирөөлөргө таштап кетишет. Араларында 6-7 жаштагылар да бар. Мисалы, бирөө төрт жана сегиз жаштагы кыздарын жакын кошунасына таштап кеткен. Кошунасы сегиз жаштагы кызды таттуу-паттуу берип алдап, зордуктап жүргөн. Апасы төрт айдан кийин кайтып, бизге кайрылды.

— Келгендердин көйгөйүн кантип чечесиздер? Аларга кандай жардам көрсөтөсүздөр?

— Психологиялык, укуктук жактан кеңеш жана жардам беребиз. Алимент, мүлк бөлүү же ажырашуу сыяктуу укуктук иштерди бүтүрөбүз. Биздин юристтер жактоочу катары да жардам беришет. Ош, Жалал-Абад жана Баткен боюнча бир гана "Ак жүрөк" кризистик борбору баш калкалоо жайын сунуштай алат, бардык шарттар түзүлгөн. 12 орун бар. 

Деятельность кризисного центра "Ак журок" в Оше

— Борборго кайрылгандан кийин турмушу жакшы жолго түшкөндөр көп элеби?

— Бизге 15 жыл ичинде жалпысынан 16 миңден ашуун адам кайрылыптыр. Эки миңге жакын үй-бүлөнү жараштырдык. 200дөн ашык аялдын азыркы жашоосу абдан жакшы десек болот. Чынын айтыш керек, көбүнүн турмушу бузулат. Биз болгон аракетибизди көрсөтүп жардам беребиз.

— Борбордун өзүндө кандай көйгөйлөр бар?

— Андай деле чоң көйгөй жок. Акыркы эки жылдан бери каражат жагынан гана кыйынчылыктар бар.

Мазактап жүзүмө түкүрүп, сабагандар болгон. Селсаяк турмуштан баян
— Кордукка кабылган адамдарга кандай кеңеш берет элеңиз?

— Негизи эле эркек же аял болобу, сабырдуу болсо. Үй-бүлөнү качан гана бардык жактан даяр болгондо курууга чакырат элем. Үй-бүлөнү эрте курбоо керек. Себеби ажырашуулардын көбү эрте үйлөнүүдөн келип чыгат. Балдарын колдон келишинче өздөрү карап, тарбия беришсе. Башка бирөөгө ташталган балдардын кийинки тагдыры оор болот.