Бишкекте тайгактан улам жеңил унаа арыкка түшүп, бус капталына оодарылып калды

Кырсыктан маршруткадагы 45 жаштагы жүргүнчү аял жабыркаган
Sputnik

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Бишкекте жума күнү эртең менен саат 7.30да жолдун тайгагынан улам Audi арыкка кулап, андан буйтап өтөм деген маршрутка капталына оодарылып калган. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

1 / 3
Бишкекте жума күнү эртең менен саат 7.30да жолдун тайгагынан улам Audi арыкка кулап, андан буйтап өтөм деген маршрутка капталына оодарылып калган
2 / 3
Маалыматка ылайык, жеңил унаанын 32 жаштагы айдоочусу Курманжан датка көчөсү менен түндүк тарапты көздөй бараткан
3 / 3
Кырсыкка жолдун тоңу, мындан улам айдоочу айымдын рулга ээ боло албай калышы себеп болгон.

Бишкекте маршрутка менен Subaru кагышып үч жүргүнчү жаракат алды. Күбөнүн видеосу
Маалыматка ылайык, жеңил унаанын 32 жаштагы айдоочусу Курманжан датка көчөсү менен түндүк тарапты көздөй бараткан. Кырсыкка жолдун тоңу, мындан улам айдоочу айымдын рулга ээ боло албай калышы себеп болгон.

Ал эми бусту айдап бара жаткан 60 жаштагы айдоочу арыкка кулаган унааны кагып албаш үчүн айланып өтөм деп тайгаланып капталына оодарылып калган.

Натыйжада маршруткадагы 45 жаштагы жүргүнчү аял денесинин ооруксунганын айтып, Тез жардамды күтпөй кетип калган.

Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп жатат.