Паспорту жок каалашыңча СИМ-карта сатып алса болобу? Видео эксперимент

Телефон чалып алдап, же коркуткан учурлар көп эле кездешет. Мындай иштер менен алектенгендер каттоого алынбаган СИМ-карталарды пайдаланат. Ал эми мындай карталарды сатуу мыйзамга каршы келет. Андыктан СИМ-карталарды паспорту жок сатып алуу канчалык мүмкүн экенин билип көрүүгө кызыктык.
Sputnik

Өкмөттүн 2014-жылдын 17-февралындагы "Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү эрежесин бекитүү жөнүндө" токтому менен сим-карталарды милдеттүү түрдө каттоо жараяны башталып, ошол жылдын 8-мартында аякташы керек болчу. Бирок уюлдук компаниялардын өтүнүчү менен бул мөөнөт бир нече жолу узартылган. Акыркы мөөнөт 2016-жылдын 1-февралына белгиленип, каттоодон өтпөгөн номерлер өчүрүлмөй болгон.

Тыйын албайбыз, "нормальный" акча бергиле! Бишкектин кафе, дүкөндөрүндөгү эксперимент
Бул саамалык шылуундардын мыйзамсыз аракетинин алдын алуу, сим-карталар жоголгон учурда аны блокко коюу жана чалуулар боюнча так маалымат алуу максатында жүргүзүлгөн. Ага ылайык, байланыш оператору абонент менен келишим түзүүгө милдеттүү болгон. Жалпак тил менен айтканда паспорту жок барып сим-карта сатып алууга тыюу салынган.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары паспорту жок барып СИМ-карта сатып алуу канчалык оор же жеңил экенин билип көрдү.

Эксперимент Megacom, Beeline, O! мобилдик операторлоруна жүргүзүлдү. Бул компаниянын өкүлдөрү "Ош" базары менен ЦУМ дүкөнүнүн аймагынан сим-карта сатып турушкан. Ал жерге барып СИМ-картаны паспорту жок алууга болорун өз көзүбүз менен көрдүк. Ал тургай пачкалап сатып алсаңыз болот. Ал эми расмий каттоосу жок үч айдан алты айга чейин колдонуу мүмкүн экени белгилүү болду.