Военно-Антоновкадагы мечитке келген кишинин 190 миң сому уурдалды

Уурулук видеого түшүп калган. Ушу тапта милиция шектүү кишини издеп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Военно-Антоновка айылында белгисиз адам мечитке келген кишинин 190 миң сомун уурдап алганын Чүй облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-февраль күнү Сокулуктун милиция бөлүмүнө 34 жаштагы тургун кайрылып, акчасын уурдап алган кишиге чара көрүү боюнча арыз жазган.

"Кылмыш 3-февраль күнү мечиттин дааратканасында болгон. Ал камерага түшүп калган. Тасмада эркек кишинин илинип турган курткасынын чөнтөгүнөн акча алып чыгып жатканы көрүнүп турат. Учурда милиция кылмышка шектүү кишини издөөдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Сокулук РИИБи Кылмыш жаза кодексинин 164-беренеси (Урулук) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Мындан бир ай мурун "Аламүдүн" базарындагы мечитте да уурулук фактысы катталган.