Көчмөндөр оюндары качан башталып, канча спортчу катышары такталды

Оюндарга даярдыкты баштоого өкмөт башчы 2017-жылдын 15-декабрында расмий старт берген
Sputnik

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Быйыл өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо өтөрүн өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

III Көчмөндөр оюндарынын кандай өзгөчөлүгү болору айтылды
Мелдеш улуттук спорттун 36 түрү боюнча өтүп, ага дүйнөнүн 80ден ашык өлкөсүнөн 3000дин тегерегинде спортчу катышары болжолдонууда. Иш-чараны чагылдыруу үчүн 50 өлкөдөн 500гө жакын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылат.

Белгилей кетсек, премьер-министр Сапар Исаков 2017-жылдын 15-декабрында салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө үчүнчү ирет өтүүчү Көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча даярдыктарды баштоого расмий старт берген.

Буга чейин Көчмөндөр оюндарынын промо-ролиги чыккан.