БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кызын көтөрүп бара жаткан келинди коюп кеткен айдоочунун жубайы Нургиза Бусурманкулова өзүнүн эки баласын таенесиникине жөнөтүп, жабыркаган кызды ооруканада карашып жатканын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айтып берди.
Бусурманкулованын айтымында, 33 жаштагы жолдошу кесме, макарон, ун ташып жеке менчик компанияда иштеп үй-бүлөсүн бакчу.
"Күйөөм менен кырсык болгон күндөн бери байланыша элекмин. Азыр ооруканада эле жүрөм. Жолдошум сүзүп кеткен кыздын бүлөсүнө жардамдашып, кечкисин карашып жатам. Өзүбүздүн беш жана 10 жаштагы эки балабыз бар. Аларды азыр таенесине жөнөттүк. Биз менен оорукчан кайненем да чогуу турат. Кайненемдин каны аз болгондуктан күйөөм аны ошол кичи автобус менен онкологиялык ооруканага ташып турчу", — деди келин.
Аталган үй-бүлө да калаада батирде турат. Үйдө жалгыз күйөөм иштечү деген келин азыр эмне кылаар айласын таппай жүргөн кези.
"Жумайым ыйлаганынан көтөрүп эле сооротобуз. Жашы өтүп калган апам аны кечке көтөрүп жүрө албагандыктан күндүз мен багышып, кечинде үйгө кетип жатам. Ал эми түнкүсүн аны сүзүп кеткен кишинин келинчеги жардам берип жатат", — деди Чотонов.
Ал эми кичи автобус айдоочусуна Баш мыйзамдын 281-беренесинин экинчи бөлүгү (жабырлануучунун өлүмүнө алып келген жол эрежесин бузуу) боюнча айып тагылып, камалган.
Бүгүн да жолдогу тайгактан Бишкекте жүргүнчү ташыган бус оодарылып кеткен. Бактыга жараша, кырсыктан катуу жабыркагандар катталган эмес.