Эки кыргызстандык жаран Казакстандагы ири операция учурунда кармалды

Кармалгандардын арасында бажы жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, брокерлер, ортомчулар, криминалдар бар.
Sputnik

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Казакстандын күч органдары чек ара аймактарында контрабанда менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо үчүн атайын ири операция жүргүзгөн. Натыйжада 29 адам колго түшүп, алардын экөө кыргызстандык экенин Sputnik Казакстан жазып чыкты. 

Атайын операция 15-16-февраль аралыгында Алматы, Жамбыл жана Түштүк-Казакстан облустары менен Алматы шаарында жүргүзүлгөн.

"Натыйжада 29 шектүү адам кармалды. Алардын арасында бажы жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, брокерлер, ортомчулар, криминалдар жана эки кыргызстандык бар", — деп айтылат маалыматта.

Алматы, Жамбыл облустары менен Алматы шаарынан 16, Түштүк-Казакстан облусунан 13 адам кармалган.