Дем алыш күндөргө карата аба ырайы

Түндө өлкөнүн бардык аймактарында абанын температурасы нөлдөн төмөн болот
Sputnik

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Ишемби жана жекшемби күнү Кыргызстандын бир катар аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Ага ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

17-февраль, ишемби күнү Бишкек шаарында түнкүсүн —8…-10 градус суук болсо, күндүз —4 градуска чейин муздайт. Ош шаарында түндө —3…-5 градус суук болсо, күндүз күндүн табы 1 градуска чейин жылыйт.

Мартта күн кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу
18-февраль, жекшембиде Бишкек шаарында түнкүсүн —9…-11 градус суук болуп, күндүз —5 градуска чейин суук болот. Ош шаарында аба ырайы ишемби күнкүдөн өзгөрбөйт.

Чүй менен Таласта дем алыш күндөрү түндө —12 градуска чейин суук болуп, күндүз —7 градуска чейин төмөндөйт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түндө —9 градуска чейин суук болуп, күндүз күндүн табы 3 градуска чейин жылыйт.

Ысык-Көлдө түнкүсүн —11…-12 градус суук болсо, күндүз абанын температурасы 0…-5 градуска чейин төмөн болот.

Нарында дем алыш күндөрү түндө —20…-22 градус суук болсо, күндүз —10 градуска чейин суук болот.