Азия чемпионаты-2018: эркин күрөш боюнча күч сынашчу балбандар аныкталды

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 27-февралдан 4-мартка чейин борбор калаада өтөт
Sputnik

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында өлкө намысын коргой турган балбандардын тизмеси аныкталды. Бул тууралуу КРдин Күрөш федерациясынан кабарлашты.

"Күмүш бала", баатыр ата Канат Бегалиев 34 жашта! Балбан тууралуу 7 факты
Маалыматка ылайык, мелдешке он спортчу тандалып алынды. Чемпионат 27-февралдан 4-мартка чейин Бишкек шаарында өтөт.

Азия чемпионатына катыша турчу балбандар 2017-жылы декабрь айында өткөн КРдин кубогунун жыйынтыгы менен аныкталды. Күн мурун грек-рим күрөшү боюнча дагы курама команданын тизмеси жарыяланган. 

Мелдешке катыша турчу балбандардын тизмеси:

Алмаз Сманбеков — 57 килограммга чейин

Улукбек Жолдошбеков — 61 килограммга чейин

Эрназар Акматалиев — 65 килограммга чейин

Эламан Догдурбек уулу — 70 килограммга чейин

Муслим Евлоев — 74 килограммга чейин

Атай Изабеков — 79 килограммга чейин

Динислам Таалайбек уулу — 86 килограммга чейин

Бактияр Карагулов — 92 килограммга чейин

Айбек Усупов — 97 килограммга чейин

Мурат Рамонов — 125 килограммга чейин (Рамонов грек-рим күрөшү боюнча дагы күч сынашат)

Манилүү спорттук иш-чарага балбан кыздардын сап башында турган Айсулуу Тыныбекова катышпай турганы белгилүү болду. Анын себебин машыктыруучусу түшүндүрүп берген.