Кыргызстандын өкмөтү ак калпактын импортуна тыюу салууну пландап жатат

Маданият министрлиги ак калпакка Кыргызстандын маданий символу статусун берүүнү көздөөдө
Sputnik

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргызстанга ак калпакты киргизүүгө тыюу салууну сунуштап жатат. Тийиштүү документ өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Ведомство "ак калпак улуттук баш кийимине маданий символ ыйгаруу" жөнүндө токтом долбоорун 15-февралда коомдук талкууга койду.

Долбоордун авторлору жеке ишканалар коңшу өлкөлөрдөн синтетикалык материалдан жасалган калпактарды алып келип жаткандыктан чет элдик коноктордун алдында баш кийимдин баркы түшүп жатканын билдиришкен.

"Буга байланыштуу ак калпакты башка мамлекеттерден импорттоого тыюу салуу зарылдыгы чыгып жатат. Ошондой эле ак калпакты кыргыз элинин маданий символдорунун бири катары кабыл алуу долбоордо сунушталган", — деп токтом долбоорунун негиздеме катында көрсөтүлгөн.

Калпакчан кыргыздын сүрөтү Австралиядагы дубалда кантип пайда болду. Чоо-жайы
Демилгечилер долбоор ишкерлик чөйрөнү чектөөгө багытталбагандыктан атайын анализдин зарылдыгы жок экени белгилешкен.

"Аталган токтом долбоордун негизги максаты — кыргыз элинин улуттук маданияты үчүн болгон намысын күчөтүү, улуттук баалуулуктарды пропагандалоо жана өсүп келе жаткан муунга руханий тарбия берүү", — деп демилгеде көрсөтүлгөн.

Маданият министрлиги ак калпак өзүнө терең улуттук философияны камтып, Кыргызстанда популярдуу экенин белгилеген.