БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун аймагындагы Кара-Үңкүр дарыясынан эркек кишинин сөөгү табылган. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Кара-Үңкүр дарыясынын сөөк табылган жери Могол айыл аймагындагы Көк-Тоңду айылына жакын жайгашкан. Куткаруучулар барганга чейин милиция кызматкерлери 20-25 жаштагы азиат тегиндеги кишинин сөөгүн суудан алып чыгып, райондук өлүкканага өткөрүп беришкен.
Буга чейин Кара-Көл шаарынын аймагына жакын жердеги Кара-Суу дарыясына түшүп кетип, улгайган аял каза тапкан.