Ысык-Көлдө бир жуманын ичинде 33 мас айдоочу кармалды

Рейд учурунда жалпысынан жол эрежесин бузган 1112 факты катталган
Sputnik

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда бир жумалык рейддин жыйынтыгында 33 айдоочу мас абалында кармалган. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Кызын көтөрүп бараткан келинди сүзгөн унаанын айдоочусу камакка алынды
Ага ылайык, рейд 5-11-февраль аралыгында жүргөн. Катуу ылдамдыкта машина айдаган 194 айдоочуга административдик протокол түзүлүп, 51 автоунаа айып короого киргизилген.

Жалпысынан бир жумада облус аймагында жол эрежесин бузган 1112 факты катталган.

Ысык-Көл облустук милициясы айдоочуларга тушүндүрүү иштерин жүргүзүп, жол эрежелерин так сактоого чакырууда.

Январдын аягында өлкө боюнча 200дөн ашык айдоочу мас абалында кармалган болчу.