Бишкекте Ак үйдүн маңдайына эмне салынып жатканы белгилүү болду. Эскиз

Имаратты курууга өткөн жылдын жай айында уруксат берилген
Sputnik

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Бишкектеги Киев менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишине, Жогорку Кеңештин (Ак үй) каршы тарабына көп функционалдуу административдик имарат курулуп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына "Бишкекбашкыархитектура" (ББА) ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Окурмандар Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылып борбор калаанын чок ортосуна эмне курулуп жатканын билип берүүнү суранышкан. Буга чейин ал жакта эки кабаттуу эски үйлөр турчу. Кийин алар бузулуп, курулуш иштери башталган.

1 / 3
Бишкектеги Киев менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишине, Жогорку Кеңештин (Ак үй) каршы тарабына көп функционалдуу административдик имарат курулуп жатат
2 / 3
Окурмандар Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылып борбор калаанын чок ортосуна эмне курулуп жатканын билип берүүнү суранышкан.
3 / 3
Буга чейин ал жакта эки кабаттуу эски үйлөр турчу. Кийин алар бузулуп, курулуш иштери башталган.

ББАдан маалымдашкандай Бишкектин башкы планына ылайык, ал жер коомдук борбор жана көп кабаттуу үйлөрдү курууга ылайыкталган.

Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү үйлүү болушат
Панфилов көчөсүндөгү жалпы аянты 34,5 сотыхка жеткен жер аянты эми "Орион" ААКсына тийиштүү. Ага мамлекеттик акт жана күбөлүк берилген.

Бул объектинин орун алышына 2016-жылдын 11-февралында шаар куруу кеңешинин жыйынынында макулдашылган. Ал эми уруксат кагазы 2017-жылдын 30-июнунда берилген.

Имаратта соода борбору же жер алдындагы унаа токтотуучу жай болору азырынча белгисиз. Курулуш компаниясынын өкүлдөрү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.