Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү үйлүү болушат

Молдовановка айылында ЖАМКтын беш мекемеси жайгашкандыктан кызматкерлер турак жайга муктаж
Sputnik

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Молдовановка айылында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрүнө 36 батирлүү көп кабаттуу үйдүн пайдубалы түптөлдү.

Дубайлык компания Бишкекке мейманкана жана бизнес борборун курууга кызыкдар
Капсула салуу салтанатына ЖАМКтын төрагасы Таалайбек Жапаров жана КР Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Дамир Сагынбаев катышкан.

Жапаров Молдовановка айылында ЖАМКтын беш мекемеси жайгашканын айтып, кызматкерлердин турак жайын жакшыртуу керектигин айтты.

Ал өз сөзүндө акыркы учурда мекеменин турак жай маселесине өлкө жетекчилиги да көңүл буруп жатканын айтып, Нарында 24 батирлүү үй колдонууга берилгенин кошумчалады. Ал эми Бишкекте 81 батир жана Жалал-Абадда 70 батирлүү үйлөр эксплуатацияга берилүү алдында турганын айтты. Андан сырткары, 19-түзөтүү колониясына жакын жердеги Жаңы-Жер айылында 24 батирлүү үй курулуп жатат.