Көп өтпөй дагы бир кыргызстандык мушкер Тилек Жээнбеков украиналык Проценкону беттешке чакырган. Эми мушкерлер 6-мартта WEF Global 11 турниринин алкагында жолугат.
21 жаштагы Проценко маанилүү таймашка кызуу даярданып жаткандыгына карабай интернет аркылуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек берип, спорттогу жолу, бала чагы, Жээнбеков менен боло турчу беттеши тууралуу оюн айтып берди.
Спортко болгон кызыгуу
Юрий бала чагынан эле турмуштун оош-кыйышын көргөн. 8 жашынан тарта базарда жүк түшүрүп иштеп, мектептеги окуусун калтырып койгон учуру көп болгон. Ошол кезде эркин күрөш менен машыккан эжеси инисин да кошо спортко алып келет. Юрий башында эркин күрөш менен алектенип жүрүп, кийин Украинада популярдуу спорттун түрүнө айланган панкратионго өтүп, эрежесиз уруш мушкери катары калыптанган.
Кан менен зулумдукту жактырат
Далай мушкерди жер караткан "муунтуу" ыкмасы тууралуу
Дүйнөдөгү бардык спортчулардын рейтингин аныктаган Sherdog порталынын маалыматы боюнча профессионалдар арасында 18 беттеш өткөрүп, анын 14дө утуп, үчөөсүндө жеңилип, бир жолу тең чыккан.
Проценко беттештеринин көбүн муунтуу ыкмасы менен жеңгенин көрүүгө болот. Көбү ушул ыкма "Юрийдики" деп айтышат. Бирок өзү аны катардагы ыкма катары эле көрөт. "Машыгуу учурунда грэпплинг менен көбүрөөк иштейм. Муунтканды 5-6 беттеш өткөргөндөн кийин так үйрөндүм. Бул мага көбүрөөк майнабын берет. Бирок муунткан менин өзгөчөлүгүм деп айтпайм" деди Проценко. Юрий мындан ары токтолбостон башка ыкмаларды да үйрөнүүнү максат кылганын белгиледи.
Мыктыбек Мамасалиев мушкер катары мыкты!
Проценконун айтымында, беттеш жогорку деңгээлде өткөн. Кармашта Мамасалиевдин соккуларына араң туруштук бергенин белгилеп, анын мушкер катары мыкты экендигин айтты. "Турнир өз мекениңде өтүп жатканда башкача сезимде болосуң. Утсаң, албетте, жакшы. Эгер жеңилип калсаң, оор тиет. Анткени баарынын ишенимин актоо оор" дейт спортчу. Ошондой эле Мамасалиевдин Кыргызстанда күйөрмандары көп экендигин кошумчалады.
Тилек Жээнбеков менен боло турчу беттеши тууралуу
Оор салмактагы кыргызстандык мушкер Тилек Жээнбеков украиналык Проценкону 6-мартта өтө турган WEF Global 11 турниринин алкагында беттешүүгө чакырган болчу.
Спорт сүйүүчүлөр Юрий Проценкону күрөштө эмес, бокстун ыкмасы менен жеңүү оңой деп айтып келишет. Ал гана эмес, дүйнөдөгү бардык спортчулардын рейтингин аныктаган Sherdog порталынын маалыматы боюнча Проценко 18 беттеште үч гана жолу утулса, ошонун экөөсүндө техникалык нокаут менен жеңилген.