БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2018-жылдын 13-февралына карата 43 миң 773 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырган.
Анын ичинде 8 миң 474 уюм-мекеме, 28 миң 166 жеке ишкер, 5 461 жеке тарап жана 53 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер бар. Ошондой эле салык төлөнбөй турган кирешеси жок 1619 жеке тарап тапшырган.
"Юридикалык жактар 1-мартка чейин, жеке тараптар 1-апрелге чейин былтыр тапкан кирешеси, экономикалык ишмердиги, мүлктөрү жана жер тилкелери боюнча маалыматтарды салык органдарына бериши керек", — деп айтылат маалыматта.
1-мартка чейин ата мекендик уюмдар, дыйкан чарбалар жана Кыргызстанда ишмердигин жүргүзүп туруктуу мекемеси бар чет элдик уюмдар бирдиктүү салык декларациясын тапшыруусу кажет.
Декларацияны убагында тапшырбаган жеке жактарга 2 миң сом, юридикалык жактарга 10 миң сом административдик айып салынат.
Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков менен анын жакындары 2016-жылы канча киреше тапкан?