Ал дүйшөмбү күнү кармалып, чек арачылар тарабынан Польшага чыгарылган. Ал былтыр күзүндө чек арадагы тосмодон күч менен өтүп, Украинанын аймагына мыйзамсыз кирген
Видеодо көрүнгөндөй атайын кызматтын өкүлдөрү ресторандардын бирине кирип келип, ал жактагыларды жерге жатууну буйруган.
Видеонун алдында Саакашвилини кармагандар аны "учакка чейин башка-көзгө чаап, көзүн жана оозун жаап, атып салабыз деп коркуткан" деп жазылган.
Саакашвили Варшавага келди. Анын жактоочулары Украина администрациясынын алдында митингге чыгышып, полиция менен кагылышып бир киши кармалган.
Саясатчы Украинага кайта турганын, эми мыйзамдуу түрдө келерин айтты.
Башкы прокурор Юрий Луценко Украинада Саакашвили тарабынан уюштурулуп жаткан акциялар мурдагы президент Виктор Януковичтин жанында жүргөндөр тарабынан төлөнгөнүн айткан. Алардын максаты Украинанын бийлигин алып түшүү болгонун кошумчалаган.