Ак-Талаадагы мергенчилер жылкы жеп жаткан дөбөт карышкырды атып өлтүрүштү

Аймакта карышкыр көбөйүп жаткандыктан, жергиликтүүлөр чоң мылтык сатып алуу үчүн каражат чогулта баштаган
Sputnik

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну Сыймык Курманбек уулу менен Кылыч Сатыналиев Баба-Чал кыштоосунан дөбөт карышкырды атып өлтүрүшкөнүн аймактык кабарчы маалымдады.

Нападение волка на животных в селе Баетов Нарынской области

Мергенчилердин айтымында, карышкырлардын кой, жылкыларга кол салуусу тургундарды оңбогондой чыгым тарттырууда.

"Төрт карышкыр бир бээни жеп жатканын көрүп, мылтыктан ок чыгардык. Бирок бирөөсүнө эле тийип калганы качып кетти. Муну союп терисин айыл өкмөткө тапшырып беребиз", — деди Курманбек уулу.

Нападение волка на животных в селе Баетов Нарынской области

Ал ошондой эле аймакта карышкыр көбөйүп жаткандыктан, жергиликтүүлөр чоң мылтык сатып алуу үчүн каражат чогултуп жатышканын билдирди.

Казакстанда өлүмүш болгон карышкыр мергенчини жара тартып сала жаздаган.