Бишкектин чок ортосундагы музей: көпөлөктөн тарта маймыл, крокодилге чейин

Бишкектин так ортосунда жайгашкан Зоология музейин көпчүлүк биле бербейт. Болбосо бул музей табият сүйүүчүлөрү үчүн табылгыс мүмкүнчүлүк. Бул жерде өлкөбүздүн жана дүйнөнүн жаратылышына таандык 1500 жаныбардын катырылган кебин көрүүгө болот
Sputnik

Улуттук илимдер академиянын имаратында жайгашкан Зоология музейи шейшембиден ишембиге чейин саат 9.00дөн 17.00гө чейин иштейт. Кичинекей балдарга кирүү акысы 10 сом болсо, окуучулар менен студенттерден 20, чоң кишилерден 30 сом алынат. 

Зоологический музей в здании НАН КР в Бишкеке

Музейдин биринчи бөлүгүндө омурткасыз жандыктар коюлган. Көпөлөктөр жана курт-кумурскалардын жүздөн ашык түрүн жана деңиз жаныбарларын көрүүгө болот. Экинчи бөлүктө канаттуулар жана сүт эмүүчүлөр түрүндөгү жаныбарлар бар. Бул жерден канаттуулардын жүздөн ашык түрүн, жырткыч жаныбарлар жана кайберендердин кебин көрүүгө болот. Ошондой эле музейдин 90 жыл мурда жасалган "Ак илбирстин аң уулоосу" деп аталган алгачкы экспонаттарынын бири да орун алган. Ал эми үчүнчү бөлүктө катырылган сүт эмүүчүлөр, балыктар жана сойлоп жүрүүчү жаныбарлар жайгашкан.

1 / 7
Улуттук илимдер академиянын имаратында жайгашкан Зоология музейи шейшембиден ишембиге чейин саат 9.00дөн 17.00гө чейин иштейт.
2 / 7
Кичинекей балдарга кирүү акысы 10 сом болсо, окуучулар менен студенттерден 20, чоң кишилерден 30 сом алынат.
3 / 7
Музейинин башчысы Светлана Федорова бул жерде өлкөбүздүн жаратылышын билгиси келген ар бир жаран үчүн жакшы шарт түзүлгөндүгүн айтат.
4 / 7
Музейдин биринчи бөлүгүндө омурткасыз жандыктар коюлган. Көпөлөктөр жана курт-кумурскалардын жүздөн ашык түрүн жана деңиз жаныбарларын көрүүгө болот
5 / 7
Экинчи бөлүктө канаттуулар жана сүт эмүүчүлөр түрүндөгү жаныбарлар бар.
6 / 7
Бул жерден канаттуулардын жүздөн ашык түрүн, жырткыч жаныбарлар жана кайберендердин кебин көрүүгө болот.
7 / 7
Ал эми үчүнчү бөлүктө катырылган сүт эмүүчүлөр, балыктар жана сойлоп жүрүүчү жаныбарлар жайгашкан.

Музейде жалпысынан 1500гө жакын экспонат бар. Алардын саны ар дайым толукталып турат. Ошондой эле башка өлкөлөрдөн белекке келген экзотикалык жаныбарларды да жолуктурууга болот. Алар Кыргызстанда кездешпеген америка крокодили, австралия ак куусу, маймыл жана башкалар. Көпчүлүк жаныбарлар Кыргызстандын жаратылышына таандык. 

Андан сырткары, музейде жайында мектеп жашына чейинки балдар үчүн зоологиялык тематикадагы чыгармачылык жана кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар өткөрүлөт. 

Зоологический музей в здании НАН КР в Бишкеке

Музейинин башчысы Светлана Федорова бул жерде өлкөбүздүн жаратылышын билгиси келген ар бир жаран үчүн жакшы шарт түзүлгөндүгүн айтат.

"Азыр шаардыктар табиятка көп чыга беришпейт. Ал эми шаарда жүрүп көп жаныбарларды көрө албайсың. Биздин өлкөнүн жаныбарлар дүйнөсү аябай абдан бай. Музейден жаратылышта сейрек кездешүүчү канаттууларды көрүүгө болот. Фламинго, ак илбирс, аюу сыяктуу жаныбарларды жапайы табиятта жолуктуруу кыйын. Ошондуктан биздин музей аларды жакындан көрүүгө жакшы шарт түзөт. Көпчүлүк жарандар музейге келип таң калышат. Себеби, шаардын так ортосунда Зоология музейи бар экендигин көбү биле бербейт", — деди Федорова. 

Зоологический музей в здании НАН КР в Бишкеке

Музейдеги жаныбарлар жылына эки-үч жолу тазаланып турат. Кызматкерлер ар бир экспонатты зыянкеч курт-кумурскалардан сактоо үчүн дары-дармек себишет.

Музей 2016-жылы 90 жылдыгын белгилеген. 1926-жылы Жаратылыш музейинде зоологиялык бөлүм ачылып, өлкөдө алгачкы жолу жаныбарлардын экспонаттары коюлган. Алардын айрымдары азыркы күнгө чейин музейде көрсөтүлүүдө.