"Түндүкэлектр" бүгүн Бишкекте 7 миң абоненттин жарыгын өчүрөт

Акчасын өз убагында төлөбөгөн абоненттердин карызы жалпысынан 24,2 миллион сомго жеткен
Sputnik

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. "Түндүкэлектр" ишканасы өз маалында электр энергиясы үчүн акы төлөбөгөн 7 миңден ашуун абоненттин жарыгын өчүрүүнү пландап жатканын аталган ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

"Шейшембиде өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөр үчүн Бишкек шаарындагы 7 224 абоненттин жарыгы өчүрүлөт. Алардын карызы 24,2 миллион сомго жетти", — деп айтылат билдирүүдө.

ТЭЦтеги авариянын азабын ким көбүрөөк тартты? Экономисттердин пикири
Ошондой эле акылдуу эсептегичтерге кошулган жана өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн дистанциондук түрдө өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу билдирме "Түндүкэлектр" ишканасынын маалымат серверине түшкөн соң электр жарыкка кошулары айтылды.

Эске салсак, буга чейин электр энергиясына тарифти көбөйтүү тууралуу кеп козголгон. Энергетика тармагындагы серепчилер Sputnik Кыргызстан агенттигинин окурмандарына анын күңгөй-тескейин айтып берген.