Жээнбеков учак кырсыгына байланыштуу Путинге жана россиялыктарга көңүл айтты

Курман болгондордун жакындарына жана туугандарына чын ниетимден көңүл айтуумду жана колдоо сөздөрүмдү билдирип коюуну сизден өтүнөм деген Кыргызстан президенти
Sputnik

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путинге Москва областында учак кырсыгынан адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Москва областында учактын трагедиялуу кыйрашынан көптөгөн адамдардын курмандыктары болгонуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Курман болгондордун жакындарына жана туугандарына чын ниетимден көңүл айтуумду жана колдоо сөздөрүмдү билдирип коюуну сизден өтүнөм", — деп айтылган президенттин көңүл айтуу телеграммасында.

Элчилик Подмосковьеде кулаган учакта КР жарандарынын бар-жогун тактады
Эске салсак, кечээ, 11-февралда Бишкек убактысы менен саат 17.26да Москванын Домодедово аэропортунан учуп чыккан Ан-148 көп өтпөй эки чакырым бийиктиктен Подмосковьеде кулаган. Учактын ичинде 65 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгону маалымдалган.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги РФтин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам байланыш кызматы аркылуу кулаган учактын ичинде КР жарандарынын жок экенин тактаган.

Белгилей кетсек, учурда Россиянын ӨКМ кызматкерлери кырсык болгон жерде издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп жатат.

Авиакырсыкка байланыштуу кырдаал кандай болуп жатканын тексттик трансляциядан окуңуздар.