"Сынган кылыч" диски "Азиздер жана дүлөйлөр" коомуна тапшырылды

Исмаилов эми "Сынган кылыч" романы коомчулуктун бардык облустардагы мүчөлөрүнө таратыларын билдирди
Sputnik

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Жазуучу Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" тарыхый романынын аудио дисктерин "Азиздер жана дүлөйлөр коомунун" өкүлдөрүнүн атынан сурап редакцияга кайрылган Жумабай Исмаиловго Sputnik Кыргызстан агенттигинин башкы редактору Эркин Алымбеков романдын аудиосун тапшырды.

Жумабаев коомчулуктун мүчөлөрү чыгарманы радиодон кээде угуп, кээде укпай калып жаткандыктарын билдирди.

"Эртең менен жумушка кетер алдында Sputnik радиосун угабыз. Биз жумушка кетээр маалда роман окула баштагандыктан аяк жагын уга албай калып жаттык. Анан силерге кайрылууну чечтик. Мындай эмгекти жаратканыңыздар үчүн сиздерге чоң рахмат", — деди Исмаилов.

Ал ошондой эле "Сынган кылыч" романы эми коомдун бардык облустардагы мүчөлөрүнө таратыларын билдирди.

Исаков Sputnik агенттигинин журналисттерин "Сынган кылыч" долбоору үчүн сыйлады
"Биздин коом өзүбүздүн мүчөлөргө атайын плеерлерди тараткан. Ошол плеердеги CD картага романды жаздырып беребиз. Өзгөчө улгайган адамдар суранышты эле. Эми каалаган убактарында угуп жыргамай болушту", — деди ал.

Ошондой эле Исмаилов китептин аудио долбоорун иштеп чыккан журналист Нургүл Максутовага кайрылып, мындан ары дагы кыргыз жазуучуларынын эмгектерин аудио кылып жаздырып берүүнү өтүндү.

Долбоордо романдын 27 сааттык аудио китеби, чыгарманын толук жана кыскартылган тексти, ошол доордогу маанилүү делген окуялардын интерактивдүү картасы, 180ге жакын каармандын таржымалы жана илимий макалалар камтылган.

Чыгарманы үн менен коштоого, тагыраагы, аудио китепти өлкөдөгү кино жана театр жаатындагы белгилүү актерлор окуган.

"Сынган кылычты" Sputnik радиосунан аптанын беш күнүндө угууга болот, ал эми долбоор менен sputnik.kg сайтынан таанышууга мүмкүн.

Бул эмгекке премьер-министр Сапар Исаков дагы көңүл буруп, агенттиктин журналисттерине сыйлык тапшырган.