Кыргызстандык өспүрүм таэквандочулар Казакстандан 11 медаль менен кайтты

Кыргызстандык өспүрүм таэквандочулар Казакстандан 11 медаль менен кайтты
Sputnik

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кыргызстандык өспүрүм таэквандочулар Казакстандагы мелдеште 11 медаль тагынды. Бул тууралуу өлкөнүн Таэквон-до ITF федерациясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, "TAEKWON-DO WINTERFEST 2018" аталышындагы эл аралык турнир Алматы шаарында 11-февралда өткөрүлгөн. Анда Кыргызстандын атынан 11 спортчу ат салышкан.

Турнирде Кирилл Дрозденко, Рамиз Дайстроков жана Айназик Абдужаббирова алтын тагынып чемпион болсо, калган спортчулар үч күмүш жана беш коло медаль багындырган.